Балыкчыда үй-жайсыз жаран токтоп турган унааны айдай качкан

Автор -

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери уурдалган унааны 3 саатта ээсине таап беришти. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 26-октябрда Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө 39 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин билдирүүсү боюнча болжол менен кечки саат 17:00 чамаларында белгисиз адамдар үйүнүн жанында токтоп турган «Фольксваген-Голфь-3» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кетишкен.

Аталган билдирүү боюнча шаар ичинде «Перехват» операциясы киргизилип, дислокация боюнча кызмат өтөп жатышкан коӊшу райондорунун жол коопсуздугун көзөмөлдөө инспекторлору да кабарланган.

Көп узабай көрүлгөн иштердин натыйжасында уурдалган автоунаа Тоӊ районуна багыт алганы белгилүү болуп, аталган аймактын жол кайгуул кызматынын милиция кызматкерлери автоунааны уурдап качкан адамды 3 сааттан кийин Кызыл-Туу айылынан кармоого жетише алышты. Кылмышка шектүү адам туруктуу жашаган жери жок 34 жаштагы Н.Ж. болуп чыкты.

Аталган факт Балыкчы ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренесинин 1-бөлүгү (Ээлөөнүн (айдай качуунун) максаттарына карабастан автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укук ченемсиз ээлеп алуу жана аны айдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кылмышка шектүү катары кармалган Н.Ж., соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Уурдалган автоунаа ээсине кайтарылып берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү