COVID-19: сутка ичинде 380 киши илдетти жеңсе, 2 киши каза тапты

Автор -

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын экөө тең Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланып жатышкан.

Бүгүнкү күнгө карата коронавирустан Кыргызстанда жалпы 1136 киши каза тапты.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 380 киши сакайып чыкты. Алар:

— Бишкек – 67;
— Ош шаары – 29;
— Чүй облусу – 34;
— Ош облусу – 86;
— Талас облусу – 11;
— Нарын облусу – 10;
— Ысык-Көл облусу – 16;
— Жалал-Абад облусу – 86;
— Баткен облусу – 41.

Жалпы айыккандардын саны 48 миң 223 адам. Учурда 3398 адам стационарда, 3454 адам амбулатордук дарыланууда.

Бөлүшүү