Жалал-Абад облусунда 49 жаштагы киши бакка асынып алды

Автор -

Жалал-Абад облусунда 49 жаштагы киши өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-октябрь күнү саат 14:40 чамасында 102 кызматына Базар-Коргон айылынын А.Кахаров көчөсүндө жайгашкан №15 турак үйдүн короосундагы жаңгак бакка азиат улутундагы 1971-жылы туулган эркек киши асынып өз өмүрүн кыйгандыгы туралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин №78 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып маркумдун жансыз денесин алып түшүп, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү