ЖКККББ башчысынын орун басары пара менен кармалды

Автор -

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-октябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам тергөө иш-чаранын жыйынтыгында, Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Н.Р. аттуу кызматкер кармалган.

Такталгандай, кармалган адам патрулдук милиция бөлүмүнө талапкерлерди жумушка орноштуруу маселелерин оң тарапка чечип берүүсү жана учурдагы кызматкерлерди жогорулатуу үчүн системдүү түрдө акча каражаттарын алып турган. Бул факты «пара алуу» боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Учурда Ички иштер министрлигинин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тандоодо коррупциялык көрүнүштөргө катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын комплекси улантылып жатат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү