COVID-19 илдетинен сутка ичинде бир адам каза тапты

Автор -

COVID-19 илдетинен сутка ичинде бир адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Баткен облусунун тургуну.

Өлкөдө март айынан бери жалпы оору жуктургандардын саны 57 миң 798 адамга жетти. Алардын ичинен 49 миң 97 киши айыкты. Каза тапкандардын жалпы саны 1 миң 139 киши.