COVID-19: өтө оор абалда жаткандардын саны айтылды

Автор -

Учурдв өлкө боюнча 3 миң 444 бейтап ооруканаларда коронавирус илдетинен дарыланууда. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Алардын ичинен:
— 77 адам (2%) — канааттандыраарлык абалда;
— 2396 (70%) — орто оордукта;
878 (25%) — оор абалда;
— 93 (4%) — өтө оор абалда.

Ал эми 3 миң 580 адам үй шартында дарыланууда.

Өлкөдө март айынан бери жалпы оору жуктургандардын саны 57 миң 798 адамга жетти. Алардын ичинен 49 миң 97 киши айыкты. Каза тапкандардын жалпы саны 1 миң 139 киши.