Адахан Мадумаров президенттик шайлоого талапкерлигин коёт

Автор -

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттикке талапкерлигин коёт. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдиргенин партиянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Мадумаров шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары чыгып жатканын айтты.

Буга чейин ал эки жолку президенттик шайлоого талапкер катары катышкан.

Эске салсак, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн жарандар партиянын атынан же өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу талапкерлигин койсо болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү