Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы алмашты

Автор -

4-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Анаркулов Нургазы Сейитказиевич Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды», — деп жазылган билдирүүдө.

Ал эми аппараттын мурдагы жетекчиси Наргиза Мансурова бул кызматта ушул жылдын 13-январынан бери иштеп келген. Ал бүгүн башка жарлык менен кызматтан бошотулду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү