«Дордой» базарынын соодагерлери Өкмөт үйүнө басып кирүүгө аракет кылышты

Автор -
245
@24.кг

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясына чыккан «Дордой» базарынын сатуучулары вице-премьер-министр Артем Новиковдон чогулгандардын талабын угушун суранышты. Бирок Новиков чыкпаганда чогулган эл күч менен Өкмөт үйүнө кирүүгө аракеттеништи.

Митингчилер Кытайдан алдырылган товар 3 айдан бери чек арадан өтпөй турганын айтышууда.

«Дордой» базарынын соодагерлери буга чейин да бир нече ирет чек араны ачууну өкмөттөн талап кылышкан. Акыркы жолу премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун катышуусундагы ишкерлер жыйынында бул маселе көтөрүлүп, соодагерлер иши дээрлик токтоп калганын, салык төлөөгө мүмкүнчүлүгу жок экенин билдиришкен.

Кыргыз-кытай чек арасы быйыл февраль айында жабылган. Андан бери товар ташууга аба каттамдары аркылуу гана уруксат берилип, кара жол аркылуу товар ташууга чакан өлчөмдө кыска мөөнөттүк гана мүмкүнчүлүктөр берилип келген.

Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталгандан бери чек аралардын баары жабылып, азыркы тапта Кыргызстандын Казакстан, Өзбекстан, Орусия менен байланышы жарым-жартылай калыбына келген.