Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкерди коркутуп, мойнуна 100 миң долларлык «салык» илип койгон. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, шектүү катары 26-36 жаштын ортосундагы төрт жаран кармалды. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени айтылды.
«Шектүүлөр курулуш материал сатып алуучу катары ишкерди жолугушууга чакырып, ал жерден күч колдонуп 3800 долларын тартып алышкан. Ошондой эле мажбурлап, «100 миң доллар карызым бар, ай сайын 20 миң доллардан төлөп берип кутулам» дедиртип, тил кат жаздырып алышкан», — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталды.