Президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери 15-декабрда башталат

Автор -
254

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону уюштуруу боюнча календардык план жарыялады. БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, 10-ноябрга чейин www.tizme.gov.kg сайтында шайлоочулардын алгачкы тизмеси жарыяланат.

18-ноябрга чейин добушканаларда тизмелер илинет.

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн жактар 14-ноябрга чейин арыз берип бүтүшү керек. Ал эми колдогон кол тамгалар 3-декабрга чейин кабыл алынат. Талапкерлерди каттоо 14-декабрда аяктайт.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери 15-декабрда башталып, 9-январда бүтөт.

Президенттикке катышуу үчүн арыз бергендердин саны төрт адам.

31-октябрда Назарбек Нышанов президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн, ал «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти.

Ошондой эле «Аурдин» компаниясынын директору Арстанбек Абдылдаев да президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп, БШКга арыз берген.

Андан тышкары, «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси Кубан Чороев президенттикке талапкерлигин көрсөткөн.

30-октябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Бөлүшүү