Түркияда зилзаладан каза тапкандардын саны 76га жетти

Автор -

Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдиргендей, Измирдеги жер титирөөдө каза тапкандар адамдардын саны 76га жетти.

Учурда жаракат алган 962 адамдын 743ү ооруканадан чыкты. Ал эми 219 адам дарылануусун улантууда.

Урандылардын астынан адамдарды издөө иштери дагы деле улантылууда. Түркиянын экология жана шаар куруу министри Мурат Курумдун айтымында, мамлекет жер титирөөдөн жабыркагандарга кенемте төлөп баштады.

Белгилей кетсек, Түркиянын батышындагы Измир шаарында 30-октябрда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анда ондогон бийик имараттар урап калган.

Бөлүшүү