Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алмаштыруу боюнча Кыргызcтандын Орусиядагы элчилигине келип түшкөн кайрылуулардын кескин көбөйүшүнө байланыштуу элчиликтин консулдук бөлүмүндө жарандардын паспорт маселелери боюнча иш убактысы узартылды. Бул боюнча элчиликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, паспорт маселелери боюнча жарандарды кабыл алуунун мөөнөтү 3 эсеге узарды.
Иш убактысы:
- Иш күндөрү саат 08:30дан 20:30га чейин биринчи кезекте электрондук билеттин жардамы менен (талон алуу) алдын-ала жазылбастан;
- Ишемби күндөрү саат 10:00дөн 14:00гө чейин Орусиянын алыскы аймактарынан келген жарандарыбызды алдын-ала суроо-талаптары боюнча кабыл алынат.
Мындан сырткары аймактардан келген жарандардын саны көп экендигин эске алуу менен, консулдук бөлүмдүн 4992385069@mail.ru электрондук почта дарегине жазылуу тизмесине киргизүү үчүн кайрылуу жөнөтсө болот.
Элчилик 2020-жылдын октябрь айында 1342 жаранды паспорт алуу/алмаштыруу үчүн кабыл алган.