Өлкө ооруканаларында коронавируска кабылган жүздөн ашуун адам өтө оор абалда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Учурда 3367 бейтап стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
— 56 адам (1,6%) — канааттандыраарлык абалда;
— 2265 (67,2%) — орто оордукта;
— 937 (27,8%) — оор абалда;
— 109 (3,2%) — өтө оор абалда.
Булардан сырткары оорусу жеңил формада өтүп жаткан 3 889 адам үй шартында дарыланууда.
Кыргызстанда март айынан бери COVID-19 илдетине 60 миң 279 адам чалдыкты. 3-ноябрга карата алардын 51 миң 288и сакайып чыкты. 1159 киши каза тапты.