Ошто кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн курал-жарактар тартылып алынды

Автор -
213

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жашаган жеринен курал-жарактар табылып, алардын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Ош шаары жана облусунда кылмыш жасоо үчүн уюшкан топ түзүү беренеси боюнча жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-иликтөө иш чаралары жүргүзүлгөн.

«Кылмыштуу топтун 23 мүчөсүнүн үйүндө тинтүү жүргүзгөн кезде АК-47 үлгүсүндөгү 2 мылтык, 2 травматикалык тапанча, 32 мм калибрдеги белгисиз мылтык, 12 мм калибрдеги ТОЗ-34 маркасындагы 2 көзөнөктүү мылтык, оптикалык мээлегичи бар мылтык, белгисиз маркадагы өз колу менен жасалган мылтык (кесилген), ТОЗ-16 маркасындагы мылтык, 15 бычак, 2 жезден жасалган кастет жана көп сандагы патрон табылып, алынды», — дешти мекемеден.

Азыркы учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.