Үсөнбаев: Мектептерде 2-чейректи кадимки режимде өткөрүү каралууда

Автор -

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-ноябрдагы брифингде мектептерди ачуу маселесин азырынча ар бир мектептин жетекчиси өз шартына ылайык карап жатканын билдирди, деп жазат «Азаттык».

«Экинчи чейректен тартып балдарды офлайн окутуу, мектептерди ачуу боюнча чечим каралып, азыр талкууланып жатат. Мектептерди ачууну 11-ноябрдан тартып баштасакпы деп убактысын карап жатабыз. Кандай режимде, кайсы класстар мектепке барып окуй турганы да сүйлөшүлүүдө. Аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акимдер, губернаторлор жоопкерчилигин алса, комиссиялары чечим чыгарса, ар бир мектеп өз мүмкүнчүлүгүн карап чыккандан кийин оффлайн режимде окуу башталышы мүмкүн».

Үсөнбаев коронавирус күчөп кетсе мектептерди жабуу чечимин жергиликтүү жетекчилик карашы керек экенин кошумчалады.

Кыргызстанда мектептер, жогорку, орто окуу жайлары, бала бакчалар март айынан бери аралыктан иштеп жатат. 1-сентябрда мектепке оффлайн режимге 1-класстын окуучулары гана барган.

Октябрь айында парламенттик шайлоодон кийин 6-октябрда мектептерди ачуу тууралуу чечим кабыл алынганы менен, кийин бул чечимди Республикалык штаб токтотуп койгон.

Азыркы тапта бардык окуучулар онлайн режимде биринчи чейректи аякташты.

Бөлүшүү