«Семетей» госпиталы кийинки жумада бейтаптарды кабыл алып баштайт

Автор -

«Семетей» госпиталы коронавируска чалдыккан бейтаптарды кабыл алууга бир жума ичинде толук даяр болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-ноябрь, дүйшөмбү күнү кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда лабораториясы даяр болду, реанимация бөлүмүндө 35, дарылоо бөлүмүндө 250 орун ачылды. 4-ноябрда медициналык жабдык жана техника орнотула баштайт.

Коронавируска чалдыккандар Кыргызстанда март айында каттала баштап, андан бери бул вирус 60 миңге жакын адамга жукту, алардын 51 миңден ашууну айыгып кетти, 1155и каза болду. Илдет жуккандардын 3,5 миңдейи медицина кызматкерлери.

«Семетей» госпиталы «Манас» аэропортунун жанындагы мурдагы «Ганси» авиабазасынын ордуна ачылган.