Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 495 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
— Бишкек — 150
— Ош — 17
— Чүй облусу – 78
— Ош облусу — 52
— Талас облусу — 23
— Нарын облусу — 5
— Ысык-Көл облусу – 37
— Жалал-Абад облусу – 89
— Баткен облусу — 44.
Март айынан бери Кыргызстанда бул илдетти 60 миң 774 киши жуктуруп алды. Алардын ичинен 51 815 адам айыгып чыкты. 1163 адам каза тапты.