Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Фарид Ниязов сот жараяндарын ачык, эркин журналисттердин катышуусунда өткөрүүгө чакырды. Анын кайрылуусун Кундуз Жолдубаева соцтармакта жарыялады.
Ниязов сотторду ачык өткөрүүгө саясий эрк керек экенин белгилеген.
Ниязовдун кайрылуусунда: «Кылмыш ишинде бир да мамлекеттик сыр жок. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери сотко жүзү жабылган атайын беткап менен келип жатышат», деп айтылат.
Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту 29-октябрда карап, аны 10-декабрга чейин камакта калтырган. 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кайрадан кармалган Фарид Ниязовду Биринчи май райондук соту 12-октябрда камакка алууну чечкен. Анын адвокаттары шаардык сотко даттанышкан эле.