Канат Исаев президенттик кызмат үчүн ат салышарын билдирди

Автор -
Сурөт: kyrtag.kg

Бүгүн, 4-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анын жүрүшүндө спикер Канат Исаев төрагалык кызматтан кетип жатканын билдирди.

«Партиялаштар президенттикке талапкерлигимди көрсөтүштү. Садыр Жапаров дагы президенттикке аттанарын билдирди. Мен талапкер катары президенттин милдетин аткара албайм. Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетүү чечимин кабыл алдым. Мыйзамдуулукту кармап турууга бардык күчүмдү жумшадым. Алдыда чоң мамлекеттин иштери турат», — деди ал.

Белгилей кетсек, Исаев Жогорку Кеңештин спикери болуп 13-октябрда эле тандалган. Өткөн жумада Канатбек Исаевге депутаттар тарабынан ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтолуп жатканы кабарланып, парламенттин төрагалыгына депутат Талант Мамытовдун келери айтылган.

4-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов эгер парламент тарабынан спикерликке талапкерлиги сунушталса, баш тартпай турганын билдирди.