Коронавирустан дарыланып жаткан 117 адам өтө оор абалда жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Жалпы 3 437 бейтап стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
— 62 адам (1,8%) — канааттандыраарлык абалда;
— 2296 (66,8%) — орто оордукта;
— 962 (27,9%) — оор абалда;
— 117 (3,4%) — өтө оор абалда.
Мындан тышкары амбулатордук дарыланууда 3771 бейтап бар.
Март айынан бери Кыргызстанда бул илдетти 60 миң 774 киши жуктуруп алды. Алардын ичинен 51 815 адам айыгып чыкты. 1163 адам каза тапты.