«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын тендердик комиссиясынын мүчөсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалым болгондой, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 500 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы боюнча «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын биринин көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиясынын мүчөсү У.Р кармалды.
Кармалган адам «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу ишкерден экономикалык тармактарды 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында ири көлөмдөгү көмүр сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерде маселени оң жагына чечип берүү үчүн сый акы иретинде акча талап кылгандыгы аныкталды.
Сотко чейинки процесстин материалдары «Пара талап кылуу» беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталды. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Айрым ЖМКлар кармалган адам отун-энергетикалык комплекс боюнча көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев экенин болжолдошууда.