Жөө жүргүнчүнү сүзүп качкан айдоочу 4 күндөн кийин кармалды

Автор -
Иллюстрациялык сүрөт

Милициянын кайгуул кызматы жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-октябрда болжол менен саат 9:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Жибек жолу жана Республика көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткени тууралуу маалымдашкан.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 39 жаштагы жаран 10 жашар баласы менен жөө жүргүнчүлөр өтчү өтмөктөн өтүп жаткан учурда ак түстөгү Honda Fit үлгүсүндөгү авто унаа сүзүп, жардам бербестен белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген.

«Катталган жол кырсыгынын негизинде Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында 1981-жылы туулган Т.Ж аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББи боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми авто унаасы убактылуу токтотуучу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.