Кубанычбек Жумалиев Жапыкеевди сотко бере турганын айтты

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевди сотко бере турганын билдирди.

Анын айтымында, Жапыкеев ага жана туугандарына таандык мүлктү мыйзамсыз түрдө текшертип жатат. Ошондой эле жабылган ишти кайра башынан ачтырууда.

«7-сентябрда ишти Финпол жапкан, прокуратура 14-сентябрда аны менен макул болгон. Жапыкеев келип алып өзүнүн курсташы аркылуу ишти кайра жандандырыптыр. Финпол буга чейин эл аралык аудитордук компанияга текшертип, мыйзамсыз байыганымды аныктай алган эмес. Эми Жапыкеев «кухнясында» отуруп алып элге калп айтып, анын негизинде кечээ мага тиешелүү эмес, бирок эжемдердин, башка бир туугандарымдын мүлкүн тинтишти. Бет капчан, куралчан балдар барыптыр, булар эмне террорчу же киргизбей коё турган адамдар беле. Жөн эле чакырып сүйлөшсө болмок. Бул жерде Жапыкеев өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, кайрадан ишти жандандырып алып, мыйзамсыз иштерге барып жатат. Мен тийиштүү органдарга арыз жазам, сотко берем», — деди Жумалиев.

Ушул жылдын май айында Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 323 (мыйзамсыз баюу) жана 324-беренеси (кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу) боюнча иш катталган. Анын алкагында Жумалиевге карата Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, мүлкүн териштире баштаган болчу.

Көп өтпөй бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн уставдык капиталында Жумалиевдин үлүшү бар экени белгилүү болгон. Ошондой эле ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналары жана Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.