Токтогулда жол кырсыгынан алты адам жабыркады, төртөө балдар

Автор -

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 4-ноябрь күнү саат 21:50дө Бишкек-Ош унаа жолунун 304-чакырымында болгон. Анда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Унаада 6 адам болгон. Алардын төртөө 10, 8, 6 жана 2 жаштагы балдар болгон. Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган жарандарды жолдо өтүп бара жаткан унаалар аркылуу Токтогул шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Бөлүшүү