Бишкекте 18 жаштагы баланы тоногондор кармалды

Автор -

Борбор калаада каракчылыкка шектүү 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрда болжол менен саат 20:23 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Чүй жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен  жаранды тоноп кетишкени тууралуу маалымат келип түшкөн. Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат айтылган дарекке келип, маалыматты тактаганда, У.А. аттуу 18 жаштагы баланы белгисиз жарандар кастет жана бычак менен коркутуп, Redmi Note 9 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун алып, качып кетишкени белгилүү болгон.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 16, 17, 19 жаштагы 3 баланы кармады. Алар Биринчи Май РИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Текшерүү учурунда шектүүлөрдүн жанынан бычак, уюлдук телефон, кастет, саат жана акчалар табылган.

Бул факты Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берененин (Каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды дешти мекемеден.