Бишкекте сутка ичинде коронавирустан 3 киши каза тапты

Автор -

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 киши каза болду. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Каза тапкандардын үчөө тең Бишкек шаарынын ооруканаларында дарыланып жаткан.

Март айынан бери Кыргызстанда 61 748 адам бул илдетке чалдыкты. Анын ичинен 52 855 адам айыгып чыкты. 1170 адам каза тапты.