Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ясенский кыска көчөсүндө турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен бир жаран жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Ясенский кыска көчөсүндөгү аянты 420 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйүп кетти. Өрт чыккан турак үйгө кошуна жашаган 1949-жылы туулган тургун эки колунан жана бетинен күйүк алып, медицина кызматкерлери ооруканага алып кетишти. Өрттүн себеби такталууда», — дешти мекемеден.
Эскерте кетсек, 5-ноябрь күнү 09:30да Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ясенский кыска көчөсүндө турак үйдөн өрт чыгып, саат 12:11де өчүрүлгөн.