COVID-19: ооруканадагы 1057 бейтап оор абалда

Автор -

Учурда өлкө ооруканаларында 1 миң 57 адам оор жана өтө оор абалда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бардыгы 3478 бейтап стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
— 58 адам (1,6%) — канааттандыраарлык абалда;
— 2363 (67,9%) — орто оордукта;
— 930 (26,7%) — оор абалда;
— 127 (3,6%) — өтө оор абалда.

Дагы 3615 бейтап үй шартында дарыланып жатат. Бүгүн илдеттен 512 адам айыгып чыкты:
— Бишкек – 118;
— Ош шаары – 33;
— Чүй облусу – 57;
— Ош облусу – 77;
Талас облусу – 8;
— Нарын облусу – 2;
— Ысык-Көл облусу – 23;
— Жалал-Абад облусу – 108;
— Баткен облусу – 86.

Март айынан бери Кыргызстанда 61 748 адам бул илдетке чалдыкты. Анын ичинен 52 855 адам айыгып чыкты. 1170 адам каза тапты.