Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму республиканын паразитологиялык лабораторияларына 9 микроскоп топтомун берди. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Билдирмеде, калк арасында ичеги-карын паразитозунун эпидемиологиялык абалын туруктуу кармоо сапаттуу лабораториялык диагностикадан жана өз убагында дарылануудан көз каранды экени белгиленет.
Былтыр министрликтин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти мите курттарды аныктоону жакшыртуу максатында ДССУга кайрылып, заманбап микроскоптор менен камсыз кылууну суранган.
Учурда медициналык жабдык республиканын паразитологиялык лабораторияларына таратылып жатат.