Алмазбек Атамбаев: Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовду кое бергиле

Автор -

Бүгүн, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болуп жатат. Анда прокурорлордун айыпталуучулардын бөгөт чарасын кайра карап чыгуу өтүнүчү каралып жатканын КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, соттун отурумга экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы алынып келинген. Отурумдун жүрушүндө Атамбаев судьяга кайрылуу жасап, Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовду үй камагына чыгарууну суранды.

«Чындык эртели-кеч жеңет. Үсөнбек Ниязовду ким өлтүргөнү билинет. Ошол эле качып кеткен Опумбаев, Жунушалиевдин сөздөрү чыгат. Мага каршы бир да көрсөтмө жоктугуна карабай мени 11 жылга кесишти, мейли, мен отура берем. Жанымдагы Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязов мени сатпаганы үчүн отурушат, аларды кое берип койгула. Үй камагына чыгарылгандар үй камагында калсын, азыр камакта тургандар кое берилсин. Кой-Таш окуясы боюнча дагы, Батукаев иши боюнча дагы чындыкка мен дагы кызыктармын», — деди Атамбаев.

 

Бөлүшүү