Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 532 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
— Бишкек – 128
— Ош шаары – 16
— Чүй облусу – 58
— Ош облусу – 95
— Талас облусу – 14
— Нарын облусу – 7
— Ысык-Көл облусу – 61
— Жалал-Абад облусу – 69
— Баткен облусу – 84.
Учурда 3347 бейтап стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
— 53 адам (1,5%) — канааттандыраарлык абалда;
— 2188 (65,3%) — орто оордукта;
— 948 (28,3%) — оор абалда;
— 158 (4,7%) — өтө оор абалда.
Дагы 3850 бейтап үй шартында дарыланууда.
Март айынан бери Кыргызстанда оору жуктургандардын жалпы саны 64 миң 360 адамга жетти. Алардын ичинен 55 306 адам айыгып чыкты. 1188 каза тапты.






























