Сузакта милиция кызматкери 30 миң сом пара менен кармалды

Автор -

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милиция кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 9-ноябрында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын өткөргөн.  Анын жүрүшүндө, 30 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жатканда Жалал- Абад облусунун Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери А.Б. кармалды.

Кармалган адам жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен 1000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү