Министрлик: Коронавируска чалдыккан 150 адам өтө оор абалда

Автор -

Өлкө боюнча коронавируска чалдыккан 150 адам өтө оор абалда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда 3322 бейтап стационарда дарыланууда, алардын ичинен:

  • 54 адам (1,6%) — канааттандыраарлык абалда;
  • 2164 (65,1%) — орто оордукта;
  • 954 (28,7%) — оор абалда;
  • 150 (4,5%) — өтө оор абалда.

Дагы 3874 бейтап үй шартында дарыланууда. Амбулатордук дарыланууда – 3874 бейтап.

Ал эми бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 518 киши сакайып чыкты:

— Бишкек – 95
— Ош шаары – 20
— Чүй облусу – 38
— Ош облусу – 69
— Талас облусу – 21
— Нарын облусу – 4
— Ысык-Көл облусу – 59
— Жалал-Абад облусу – 108
— Баткен облусу – 104.

Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну жалпы 64 миң 887 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 55 824 адам айыгып чыкты. 1193 адам каза тапты.