Бишкекте милиция кызматкери пара менен кармалды (фото)

Автор -
284

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  2020-жылдын 12-ноябрында Коопсуздук комитети ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Анын алкагында 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери «З.Ж.А.» кармалды.

Кармалган адам арыз ээсине карата сотко чейинки процессте жоопко
тартылбаганы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы
аныкталды.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө
(Пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.