COVID-19 белгиси бар жарандар ПЦР тестти акысыз тапшыра алышат

Автор -
217

COVID-19 симптомдору бар жарандардан ПЦР тестти акысыз тапшыра алышат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, өзүндө коронавирустун белгилери байкалган адамдар мамлекеттик лабораторияларга кайрылып, оорунун бары-жогун аныктоо үчүн акысыз түрдө тест тапшыра алышат. Ан үчүн 118 кыска номерине чалуу керек. Мындан кийин үй-бүлөлүк дарыгер анализ тапшыруу үчүн жолдомо берет.

Ал эми «өзү үчүн» текшерилүүнү каалагандар же чет өлкөгө уча турган жарандар тестти акы төлөө менен тапшырышат.

Бөлүшүү