COVID-19: Бишкек ооруканаларындагы бош орундардын тизмеси

Автор -

Бишкекте коронавирус жана пневмония илдетине чалдыккандарды кабыл алууга 83 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

13-ноябрь саат 10:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 11 ооруканада 83 бош орун бар:

  • Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы — 1;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 3;
  • Улуттук хирургия борбору — 2;
  • Улуттук госпиталь — 7;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 4;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 7;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 10;
  • Темир жол ооруканасы — 2;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 23;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 13;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 13.

Белгилей кетсек, сутка ичинде 567 кишиден коронавирус табылып, жалпы жуктургандардын саны 65 454кө жетти. Анын ичинен 56 307 бейтап айыкса, 1 195 адам оорудан оңоло албай көз жумду.