Дагы 3 талапкер президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Автор -
391

Дагы 3 талапкер президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Алар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин деканы Анар Зарипова, «Дербиш» фондусунун директору Куттуумидин Базаркулов жана убактылуу жумушсуз Бакыт Романов.

Президенттикке катышуу үчүн арыз жазгандардын саны 27ге жетти:

  1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
  2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
  3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
  4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
  5. Арстан Алай — активист;
  6. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
  7. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
  8. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
  9. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
  10. Кубан Чороев — экономист;
  11. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
  12. Назарбек Нышанов — активист;
  13. Нурлан Мотуев — активист;
  14. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
  15. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
  16. Элеонора Турдубекова — Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
  17. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  18. Урустам Кабылбеков — Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
  19. Илгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
  20. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда жумушсуз;
  21. Жамбылбек Камчиев – «Куудул-Аралаш» коомдук фондунун президенти;
  22. Мыктыбек Арстанбек — «Халал» индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
  23. Токтайым Үмөталиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору;
  24. Арсланбек Малиев — Чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык боюнча кыргыз коомдорунун бирлигинин президенти;
  25. Анар Зарипова — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин деканы;
  26. Куттуумидин Базаркулов — «Дербиш» фондусунун директору;
  27. Бакыт Романов -убактылуу жумушсуз.

 

 

Бөлүшүү