Ошто медайымдарды опузалап 100 миң сом талап кылган жаран кармалды

Автор -

Ош облусунун Араван районунда медайымдардан опузалап акча алып жаткан учурда 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 12-ноябрда Ош РИИБинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине белгисиз жаран Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эки медайымына карата «COVID-19 илдетине байланыштуу тактаманы кечиктирип жана туура эмес бердиңер, жумушуңардан алдыртып салам» деген сөздөрдү айтуу менен 100 миң сом акча талап кылгандыгы тууралуу арыз келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Сотко чейинки тергөөнүн жүрүшүндө Араван районунун Анаров айылынын 31 жаштагы К.Ф. аттуу тургуну опузалап талап кылган акчанын бир бөлүгүн (20 миң сом өлчөмүндөгү акчаны) алып жатканда кармалган. Шектүүгө карата дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат», — дешти мекемеден.