Улуттук банк доллардын курсун турукташтыруу үчүн 26,8 млн доллар сатты

Автор -

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта базарына 26,8 млн доллар сатты. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Бул ноябрь айында жасалган биринчи интервенция болду. Улуттук банк быйыл валюта рыногуна 18 жолу интервенция менен чыкты.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда Америка акчасынын куну өсүүдө. 11-ноябрда, шаршемби күнү, бир доллар сатып алууда 83,94 сом, сатыкта 84,33 сом болсо, бүгүн, 13-ноябрда сатууда 84,9 сомго чыкты.

Улуттук банктын карамагында турган алтын-валюта кору (эл аралык валюта кору) сомдун курсун кармап турууга, ошондой эле валюта рыногундагы өзгөрүүлөрдү жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Резервдин көлөмү үч миллиард сомду түзөт. Бул товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдыдагы жарым жылдыктагы импортуна туура келет.