Саламаттык сактоо министрлиги 16-ноябрь саат 8:00гө карата берген маалыматка ылайык, коронавируска чалдыккандарды кабыл алуу үчүн Бишкектеги тогуз ооруканада 99 бош орун бар. Ал эми кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы менен Улуттук хирургия борборундагы орундар толуп калды.
- Улуттук фтизиатрия борбору — 1;
- Улуттук госпиталь — 25;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 3;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 11;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 9;
- Темир жол ооруканасы — 7;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 25;
- Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 11;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 7.
Кыргызстанда коронавирус аныкталган учурлардын саны 66 983кө жетип, анын ичинен 57 760 бейтап ооруну жеңген. Тилекке каршы, дарт 1 203 адамдын өмүрүн алды.