Ысык-Ата районунда жеке ишкерге кол салууга шектүү кармалды

Автор -

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жеке ишкерге кол салган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ушул жылдын январь айында Ысык-Ата районунун аймагынан жеке ишкерге белгисиз курал менен каракчылык жасалып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган иш боюнча жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү жарандын аты-жөнү аныкталып, ага издөө жарыяланган.

Чүй ОИИББинин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү жана Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын жүргөн жери такталып, ал кармалган. Кармалган жаран буга чейин соттолуп, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. 28 жаштагы шектүү Т.А. убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү