COVID-19 илдетинин 486 жаңы учуру катталды

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 486 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

— Бишкек — 143
Ош — 22
Чүй облусу – 137
Ош облусу — 32
Талас облусу — 18
Нарын облусу — 7
Ысык-Көл облусу – 42
Жалал-Абад облусу – 49
Баткен облусу — 36.

Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну жалпы 67 миң 469 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 58 315 адам айыгып чыкты.