ГЭС-5 айылындагы жол кырсыгынан бир киши каза тапты

Автор -

Чүйдүн ГЭС-5 айылында «Хонда Одиссей» менен «Ниссан» унаасы сүзүшүп, бир айдоочу каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы түндө болгон.

«Жеңил унаанын биринин айдоочусу рулга ээ боло албай калып, эки унаа сүзүшүп кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында бир айдоочу каза болгон. Ал эми жабыркагандардын саны такталууда. Кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Бөлүшүү