Коронавирус сутка ичинде 4 адамдын өмүрүн алды

Автор -

COVID-19 илдетинен сутка ичинде 4 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

  • Бишкек – 2;
  • Талас облусу – 1;
  • Чүй облусу – 1.

Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну жалпы 67 миң 469 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 58 315 адам айыгып чыкты. Каза тапкандар — 1207.