COVID-19: ооруканалардагы 113 адамдын абалы өтө оор

Автор -

Ооруканаларда дарыланып жаткан 113 адамдын абалы өтө оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Учурда 3136 адам стационарда дарыланууда,алардын ичинен:
52 адам (1,6%) — канааттандыраарлык абалда;
2074 (66,1%) — орто оордукта;
897 (28,6%) — оор абалда;
113 (3,6%) — өтө оор абалда.

Дагы 3980 адам амбулатордук дарыланууда.

Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну 67 миң 894 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 58 846 адам айыгып чыкты. 1212 адам каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү