Ветинспекция: Акыркы убакта эт менен сүттөн антибиотиктер көп аныкталууда

Автор -

Акыркы убакта эт менен сүттөн антибиотиктер көп аныкталууда. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Төлөн Ырсалиев билдирди, деп жазат Sputnik Кыргызстан агенттиги.

Мекеме жетекчиси бул темага аталган мультимедиалык борбордо өткөн «COVID-19дун антибиотиктерди пайдаланууга таасири — кандай чара көрүү керек» аттуу онлайн-брифингде кайрылган.

Ырсалиевдин айтымында, Ветинспекция мындай тенденция менен күрөшүүдө.
«Акыркы убакта, тилекке каршы, сүт менен эттен антибиотик аныкталып жатат. Базарларда сапаты төмөн азык-түлүк көбөйүп кетти. Биз да бир орунда турган жокпуз, ветеринардык дарыканаларды каттоодон өткөрүү жана ветеринардык каражаттарды рецепт менен сатуу каралган долбоорлорду иштеп чыгуудабыз», — деди ал.

Ырсалиев ошондой эле кыргызстандык фермерлерден аң-сезимдүүлүк менен мамиле кылууну өтүндү.

«Антибиотиктерди дарыгердин айтуусу менен көрсөтүлгөн ченемде пайдалануу зарыл. Айрым фермерлер малын дарылап жатып деле сүтүп сатып жатышат. Мындай болбошу керек, эт менен сүттө микробдорго каршы препараттар жок болмоюнча күтүш керек», — деди башкармалыктын жетекчиси.

Ырсалиев Кыргызстанда азык-түлүк продукциясына мониторинг жүргүзүү программасы иштеп жатканын белгиледи. Ага ылайык, инспекторлор тарабынан алынган үлгүлөр эл аралык стандартка төп келген лабораторияларга жөнөтүлүп турат.

Бөлүшүү