Айыл чарба министрлиги айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого тыюу салууну демилгелөөдө. Бул туурасында айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.
Мындай аракеттер азык-түлүк коопсуздугу боюнча экономикалык саясатты ишке ашыруу жана айыл чарба продукциясынын бааларын жөнгө салуу максатында жасалып жатканы айтылат.
«Азыркы оор кырдаалда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Зарыл товарларга баанын өсүшүн эске алганда, чечимди тез кабыл алуу зарыл. Ички базарды мал менен камсыз кыла албай калуу коркунучу бар», — деди министр Токтогазиев.
Убактылуу тыюу салууга сунушталган айыл чарба продукцияларынын тизмеси:
- Жылкы;
- Ири мүйүздүү мал;
- Койлор жана эчкилер;
- Үй канаттуулары: тоок (Gallus domesticus), өрдөк, каз, үндүк жана куштар;
- Буудай;
- Арпа;
- Жүгөрү;
- Күрүч;
- Буудай уну;
- Өсүмдүк майы;
- Кумшекер;
- Тоок жумурткасы;
- Йоддолгон туз;
- Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин жеми).
Тиешелүү жарлык премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет. Азырынча ал кол коё элек.