Айыл чарба министрлиги малды экспортоого тыюу салууну көздөөдө

Автор -

Айыл чарба министрлиги айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого тыюу салууну демилгелөөдө. Бул туурасында айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Мындай аракеттер азык-түлүк коопсуздугу боюнча экономикалык саясатты ишке ашыруу жана айыл чарба продукциясынын бааларын жөнгө салуу максатында жасалып жатканы айтылат.

«Азыркы оор кырдаалда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Зарыл товарларга баанын өсүшүн эске алганда, чечимди тез кабыл алуу зарыл. Ички базарды мал менен камсыз кыла албай калуу коркунучу бар», — деди министр Токтогазиев.

Убактылуу тыюу салууга сунушталган айыл чарба продукцияларынын тизмеси:

  • Жылкы;
  • Ири мүйүздүү  мал;
  • Койлор жана эчкилер;
  • Үй канаттуулары: тоок (Gallus domesticus), өрдөк, каз, үндүк жана куштар;
  • Буудай;
  • Арпа;
  • Жүгөрү;
  • Күрүч;
  • Буудай уну;
  • Өсүмдүк майы;
  • Кумшекер;
  • Тоок жумурткасы;
  • Йоддолгон туз;
  • Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин жеми).

Тиешелүү жарлык премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет. Азырынча ал кол коё элек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү