Бир сутка ичинде COVID-19 илдети 422 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
— Бишкек — 130
— Ош — 22
— Чүй облусу – 93
— Ош облусу — 45
— Талас облусу — 20
— Нарын облусу — 16
— Ысык-Көл облусу – 51
— Жалал-Абад облусу – 24
— Баткен облусу — 21
Кыргызстанда 19-ноябрга карата коронавирус жуктургандардын саны 68 миң 316 адамга жетти. Алардын ичинен 59 362 адам айыгып чыкты. 1217 адам оорудан оңоло албай каза тапты.